Бишкек, 03.02.25. /Кабар. Күн мурун, Нарын облусунун бардык райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Нарын шаарынын борбордук аянтында, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын борбордук аянтында, Ат-Башы районунун Дордой мал базарында, Кочкор районунун Кочкор айылынын борбордук аянтында жана Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук аянтында өткөрүлдү.
Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр түрдүү эт азыктарын, сүт азыктарын, жер-жемиштерин, жашылчаларын жана башка товарлардын кеңири ассортиментин сунуштады.
"Жарманке азык-түлүк чыгарган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди колдоо максатында уюштурулду",-деп айтылат маалыматта.