Нарын облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык Загрузка... 20 Март 2025 09:00
485615398_1051365640369495_5134040410244478173_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Күн мурун, 19-мартта саат 19:16да Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Кара-Ой айылынан түндүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кадыралы айылынан түндүк-батышка карай 9 чакырым аралыкта жайгашып, Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.