Нарын облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар уланууда

Аймак Загрузка... 25 Февраль 2025 11:00
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар уланууда.

Жол кыймылынын конопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, күн мурун ЖКККББнын башчысынын орун басары Эмил Жакыповдун катышуусунда жана Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы Мирлан Чалыбаевдин жетекчилиги алдында нускама өткөрүлдү.

Анда Нарын облусунун жол инспекторлоруна профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, жол эрежелерин одоно бузган, өзгөчө спирт ичимдигин ичип алып автоунаа башкарган айдоочуларга жол бербөө максатында түнкү рейдке бөлүнгөн ар бир посттордо инспекторлор иш алып барышууда.