Нарын облусунда Сот адилеттик үйү курулат

Аймак 1268 11 Март 2025 11:13
483999816_1406172787460814_3997786517124872581_n.jpg
484029989_1406172790794147_6430875418382425058_n.jpg
483689367_1406172780794148_3577833833852399069_n.jpg
Алдыга
Артка
483999816_1406172787460814_3997786517124872581_n.jpg
484029989_1406172790794147_6430875418382425058_n.jpg
483689367_1406172780794148_3577833833852399069_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек,11.03.25./Кабар/. Нарын облусунда Сот адилеттик үйү курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов сот кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө учурунда маалымдады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров негизги жумушунан сырткары чарбалык жумуштарды дагы карап жатканын белгилеп, Адилет үйүнүн курулушу башталарын маалымдады.

Белгилей кетсек, соттун жаңы имараты сот кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу гана эмес, ошондой эле жарандарга сот кызматтарын жеткиликтүү кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Сот системасынын натыйжалуулугун арттырып, бардык кайрылган адамдар үчүн адилеттүү укук коргоону камсыз кылган шарттар түзүлөт. Аталган имаратка соттон тышкары, юстиция кызматы, прокуратура дагы жайгашмакчы.

Иш-чаранын соңунда облус башчысы сот системасынын бардык кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишмердигинде андан ары да ийгиликтерди каалоо менен сыйлыктарын тапшырды.