Нарын облусунда курулуштардын сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
prhxsfot310ewuuhdblvlk6w3f3b4vca.webp
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Нарын облусунда курулуштардын сапатына көзөмөл күчөтүлөт.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облустун аймагында Мамкурулуш тарабынан даярдалган кара тизмеге кирген курулуш компаниялары жок, бирок кандидаттар бар. Бул тууралуу Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыйынында айтты.

Аталган жыйынга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов, УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Атажанов, Нарын облусунун прокурору Абдрашит Кубатидинов жана техникалык көзөмөл кызматынын, курулуш ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

474517616_1371949947549765_2691967942412861128_n

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын директору Давид Курмановдун берген маалыматы боюнча өткөн жылда облус боюнча республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар беренеси менен 5 мектеп, 1 музыкалык мектептин кошумча имараты, 1 бала бакча, 1 имарат, 1 ашкана болуп жалпы 11 объект бүткөрүлдү. Андан тышкары, стимгранттын эсебинен 5 футбол аянтчасы пайдаланууга берилген. Ал эми 2025-жылга 19 объекттин курулушу пландалууда.

Ал эми Алтынбек Эргешов өлкө башчысы тарабынан талап катуу коюлганын айтып, иштөө принциптери өзгөргөнүн белгиледи. Ар бир курулушка жоопкерчиликтүү кароого жана милдеттерин так аткарууга чакырып, курулуштун сапатына болгон көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

475007723_1371949994216427_3563364282648204782_n

“Өз үйүңүздөргө кандай жакшы мамиле кылсаңыздар, башка имараттардын курулушуна дагы ошондой мамиле кылыңыздар. Курулушка керектүү ар бир продукциянын сапатын текшерип, узак мөөнөткө кызмат кылгыдай, көрктүү, тыкан жасаңыздар. Орто жана кичи ишкерликти колдойбуз, бирок ишинин сапатын дагы талап кылабыз,” – деп ал.

Ал эми Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Момоконов курулуштун көпчүлүгү 2022-жылы, 2023-жылы башталган объектилер экенин белгилеп, кээ бири 2015, 2017-жылы башталып, курулушу жай жүрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, одоно ката кетирген курулуш компаниялары лицензиясынан дагы кол жууп калышы ыктымал экенин эскертти.