Нарын облусунда дыйкан-фермерлерге 390 млн сомдон ашык насыя берилди

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2025 11:00
1350891_3.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо -13" долбоорунун алкагында жыл башынан бери Нарын облусунда дыйкан жана малчыларга 390 млн 264 миң сом насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 578 субъектке берилди.

"Өсүмдүк өстүрүү" боюнча жалпы 23 миң 535 миң сомго 66 насыя берилди. Райондор боюнча алганда:

  • Нарын районунда жалпы 3 млн 300 миң сомго 13 насыя берилди;
  • Ат-Башы районунда жалпы 5 млн 550 миң сомго 16 насыя берилди;
  • Ак-Талаа району жалпы 1 млн 380 миң сомго 3 насыя берилди;
  • Кочкор районунда жалпы 11 млн 405, миң сомго 30 насыя берилди;
  • Жумгал районунда жалпы 1 млн 900 миң сомго 4 насыя берилди.

"Мал чарбачылык" боюнча жалпы 341 млн 288 миң сомго 500 насыя берилди. Анын ичинен:

  • Нарын районунда жалпы 80 млн 240 миң сомго 122 насыя берилди;
  • Ат-Башы районунда жалпы 46 млн 50 миң сомго 69 насыя берилди;
  • Ак-Талаа районунда жалпы 50 млн 200 миң сомго 66 насыя берилди;
  • Кочкор районунда жалпы 108 млн 705 миң сомго 156 насыя берилди;
  • Жумгал районунда жалпы 56 млн 093 миң сомго 87 насыя берилди.

"Лизинг" боюнча жалпы 25 млн 441 миң сомго 12 насыя берилди. Анын ичинен:

  • Нарын районунда жалпы 12 млн 800 миң сомго 5 насыя берилди;
  • Ат-Башы районунда жалпы 4 млн 180 миң сомго 2 насыя берилди;
  • Ак-Талаа районунда жалпы 4 млн 477 миң сомго 3 насыя берилди;
  • Кочкор районунда жалпы 2 млн 934 миң сомго 1 насыя берилди;
  • Жумгал районунда жалпы 1 млн 50 миң сомго 1 насыя берилди.