Нарын облусу курулушта секирик жасоодо: жаңы жолдор, ооруканалар, ГЭСтер жана инвестициялар

Аймак Загрузка... 20 Октябрь 2025 18:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Нарын облусундагы бардык иштер курулуш, жолдор жана ирригация сыяктуу негизги үч багыт боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурда облуста жалпы көлөмү 16,2 млрд сомду түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда. 2025-жылга карата жалпы наркы 9,8 млрд сом болгон 136 объекттин курулушу пландаштырылган.

Тактап айтканда:

  • Жумгал районунда – 15 объект;
  • Кочкор районунда – 25;
  • Нарын районунда – 23;
  • Нарын шаарында – 34;
  • Ак-Талаа районунда – 17;
  • Ат-Башы районунда – 22 объект.

Белгилей кетсек, мында капиталдык курулуш жана капиталдык оңдоо иштери тууралуу сөз болууда. Быйыл 31-августка карата облуста 15 объект пайдаланууга берилген: алар 6 мектеп, 1 спорт зал жана 8 өндүрүш ишканасы. Жыл аягына чейин дагы 17 объекттини бүтүрүү пландалууда.

Жол куруу иштери

Облустагы жалпы оңдолуп, асфальтталган жолдордун узундугу 63,83 чакырымды түздү. Дагы 11,8 чакырымга шагыл төшөлгөн. Оңдоо иштери жалпы 510 чарчы метр аянтта жүргүзүлгөн.

Ирригация тармагы

Ирригациялык долбоорлорго 3 млрд 589 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 1 млрд 680 млн сому өздөштүрүлгөн. Алардын ичинен негизги объекттер Түгөл-Сай суу сактагычы (Жумгал району), Шамшы суу сактагычы (Кочкор району) жана жакын арада пайдаланууга бериле турган Куланак каналы (Нарын району). Мында Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу бул долбоордо каражатты бир кыйла үнөмдөөгө мүмкүн болгондугун өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мындан тышкары, облуста дагы үч гидроэлектрстанция курулуп жатат:

  • кубаттуулугу 100 МВт Куланак ГЭСи;
  • Ат-Башы районундагы кубаттуулугу 1,2 МВт кичи ГЭС;
  • Ак-Талаа районундагы 1 МВт кубаттуулуктагы Куртка ГЭСи.

Инвестициялык долбоорлор

- Унаа чогултуучу заводдун курулушу. Баасы 130 млн долларды түзгөн бул долбоордун экинчи этабы 2026-жылы башталат.

- Азияфуд субпродукт өндүрүүчү 5 млн долларлык ишкана 31-августта ишке берилген.

- Нарын шаарында 9 блоктон жана 426 батирден турган “Тянь-Шань сити” турак жай комплекси курулууда.

- Бетондун тез кургашы үчүн химиялык кошулмаларды чыгаруучу завод ишке берилген.

Социалдык инфраструктура жана көрктөндүрүү иштери

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын районундагы жалгыз “Салкын-Төр” паркы реконструкциядан өтүүдө. Президенттин турукташтыруу фонддунан 807 млн сом бөлүнүп, бул каражат аймактагы маданий борбордун, балдар аянтчасынын, мончонун курулушуна жана автобекетти оңдоого жумшалууда.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен кошумча 200 млн сом бөлүнүп, төмөнкүлөргө жумшалган:

- 130 млн сом автобустарды сатып алууга,

- 100 млн сом атайын техника алууга,

- 20 млн сом Нарын дарыясынын жээгин көрктөндүрүүгө.

Ошондой эле жаңы тейлөө борборунун пайдубалына капсула салынып, жарандык коргонуу имараты реконструкцияланууда. Жаңы төрөт үйүнүн курулушу жакын арада башталмакчы. “Ала-Тоо” стадионун оңдоо иштери улантылып, үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн жаңы имараттын пайдубалына капсула салынды. Андан тышкары, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси капиталдык оңдоодон өтүп, облуста МИКтин турак-жайлары курулууда.

Бул долбоорлордун бардыгы Нарын облусунун комплекстүү өнүгүүсүнө, инфраструктураны жакшыртууга жана элдин жашоо шартынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.