Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Мындан ары ЖКККБнын жол тескөөчүлөрү Нарын облусунун аймагында жол коопсуздугун камсыздоодо “Боди камера” менен кызмат алып барышат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ШРИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлерине саптык кароо өткөзүлүп, анда кызматкерлерге күнүмдүк кызматка чыгууда ар бир кызматкердин төшүндө байкап туруучу “Боди камералар” берилди.
Муну менен катар ар бир кызматкерге жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кызматтык тартипти жана мыйзамдулуукту сактоого, жарандар менен сылык мамиле кылууга нускамалар берилди.
Белгилей кетсек, Нарын облустук ички иштер башкармалыгында ачылган кырдаалдык борбор бөлүмүнөн жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишмердүүлүктөрү көзөмөлдөнүүдө.