Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда хижама жасаткандан кийин эки айлык ымыркай чарчап калган кайгылуу окуя катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, учурда мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүккө көзөмөлдү күчөтүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Бирок ал тыюу салуулар менен гана чектелүү жетишсиз экенин белгиледи.
"Канча тыюу киргизсек да, айрым адамдар ишеним, үмүт же белгилүү адамдардын жарнамасынан улам ушундай "дарыгерлерге" кайрылууну уланта беришет. Ошондуктан биз коомдук аң-сезимди өзгөртүшүбүз керек", — деди Осмонов.
Ошто катталган факт боюнча учурда укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, ымыркайды ата-энеси жергиликтүү элдик дарыгерге алып барган. Ал баланын жонунан тилип, хижама жасаган. Натыйжада ымыркай көп кан жоготкон. Бала ооруканага өтө оор абалда жеткирилип, дарыгерлердин маалыматы боюнча, анын гемоглобини 45ке чейин түшүп кеткен. Дарыгерлердин бардык аракетине карабастан, көп кан жоготуудан улам ымыркайды сактап калуу мүмкүн болгон эмес.