Надирбек Мамадалиев U-23 кураманы жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор 25 Август 2026 17:50
a9b46941-d699-4afd-8552-2899d75ba04e.jpeg
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Надирбек Мамадалиев Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Мамадалиев бул кызматта Урмат Абдукаимовду алмаштырды.

Жаңы башкы машыктыруучу Азия футбол конфедерациясынын A категориясындагы лицензиясына ээ. Ал буга чейин Кыргызстандын улуттук жана Олимпиадалык курамаларында башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген.

Мамадалиевдин негизги милдеттеринин бири – 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Японияда өтө турган Азия оюндарына U-23 кураманы даярдоо.