Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү Профсоюзная жана Махатма Ганди көчөлөрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну токтотуу боюнча рейд өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Биринчи май районунун администрациясынын, Мамлекеттик салык кызматынын, муниципалдык инспекциянын, №13, 15, "Маевка" жана "Пригородное" аймактарынын өкүлдөрү катышты.
Белгиленгендей, Муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 286-беренесине ылайык 6000 сомго 2 протокол түзүлгөн.
Биринчи май районунун мамлекеттик салык кызматы тарабынан 1190 литр отун алынып салынып, салык кызматынын айып базасына жеткирилди.
Бул багытта иштер уланууда.
Белгилей кетсек, аталган рейд президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.