Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Өлкөдө жүздөн ашык мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөр бар. Бул тууралуу “Мекенчил” парламенттик фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул объектилерди мыйзамдаштыруу иштери жүрүп жатат. Алгач Мамкурулуш долбоорлорду даярдайт, изилдөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзөт, аларды реестрге киргизип, андан соң пайдаланууга берүү сертификат берет.
Белгиленгендей, өткөн жылы мыйзамсыз курулуган 16 объект боюнча маселе чечилген.
"Жакында Ош шаарындагы «Эмаком» компаниясынын курулуш иштери боюнча чечим кабыл алынып, быйыл улантуу боюнча иш-чаралардын планы түзүлдү",- деп билдирди Мамкурулуштун жетекчиси.