Мугалимдер үчүн STEM багыты боюнча курстардын кезектеги этабы башталды

Билим Загрузка... 05 Февраль 2025 17:15
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Өлкөдө мугалимдердин STEM багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынын кезектеги этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 5-февралда башталган тренингдердин 5-этабы 1 миң 600гө жакын мугалимди камтыйт. Буга чейинки этаптарда 14 миңден ашык мугалим окутулган.

Белгиленгендей, курстар Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Окутуулар математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүрүүдө.

Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • мастер-тренерлер тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер;
  • кошумча электрондук материалдарды изилдөө;
  • алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгуу;
  • мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышуу;
  • жаңы форматта сабактарды өткөрүү.

Маалымат үчүн: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасын түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.