Мугалим окуучуга кол көтөргөн. №87 мектептеги окуяны комиссия текшерет

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 12:34
img-20230915-wa0030.jpg

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бишкектеги № 87 мектепте болгон окуя боюнча мэрия расмий билдирүү таратты.

Анда белгиленгендей, учурда мектепте болгон окуянын жагдайларын тактоо максатында Билим берүү департаменти тарабынан райондук Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте ыкчам түрдө комиссиялык текшерүү уюштурулду.

Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Эске салсак, социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы № 87 жалпы билим берүү мектебинде тартылган видео таралууда. Анда сабак учурунда мугалим окуучуга кол көтөрүп, урушканын көрүүгө болот.