Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Акыркы жылдары өлкөдө экономикалык бир катар тарыхый өзгөрүүлөр орун алууда. Былтыр ИДПнын көлөмү 1,5 триллионго жетсе, быйыл Кыргызстандын бюджети алгачкы жолу триллиондук чектен ашаары күтүлүүдө. Бул сан жөн гана символикалык чек эмес, бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн туруктуу көрсөткүчү катары бааланууда.
Эгер бюджет 1 триллион сомдон ашса, 2025-жыл үчүн маанилүү өсүш, бюджеттеги ири секирик болуп калмакчы. Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин мындай өсүшү бир нече негизги факторлорго байланыштуу. Алар коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш, Кумтөр кенинин элге кайтарылышы, инвестициялык шарттардын жакшырышы, бажы жана салык кызматтарындагы реформалар.