Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Эгерде сиз Россиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам “кара" тизмеге кирип калган болсоңуз, анда ушул жылдын сентябрына чейин реестерден чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал эми сентябрга чейин реестерден чыкпасаңыз мыйзамга ылайык ал өлкөдөн чыгарыласыз.
Андыктан реестрден чыгуу үчүн болгону төмөнкү талаптарды гана аткаруу жетиштүү:
- Ал үчүн сиз аймактык миграциялык бөлүмгө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, “кара" тизмеге кирген себебин такташыңыз керек;
- Дактилоскопия, тагыраагы, бармак издерин тапшыра электер жана медициналык кароодон өтө электер — Сахарово борборуна, аймактагылар РФ ИИМнин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы зарыл;
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан эмгек келишимин түзүү негизги талап болуп саналат. Анын негизинде миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылып, жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт. Документтерде кемчилик болсо, мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо — 5000–7000 рубль өлчөмүндө айып төлөп, андан соң документтер мыйзамдаштырылат.