Миң-Кушту жаңы туристтик багытка айлантуу талкууланды

Туризм 25 Май 2026 17:00
708103255_1565539372247358_2116238809070754882_n (1).jpg
705771964_1565539545580674_4747399355496415129_n.jpg
705185465_1565539525580676_596494416998655547_n.jpg
706079122_1565539352247360_219841655809480140_n.jpg
707079810_1565539312247364_2133308523689489796_n.jpg
706112179_1565539418914020_4325613637804579910_n.jpg
706489935_1565539415580687_3314779786552709463_n.jpg
Алдыга
Артка
708103255_1565539372247358_2116238809070754882_n (1).jpg
705771964_1565539545580674_4747399355496415129_n.jpg
705185465_1565539525580676_596494416998655547_n.jpg
706079122_1565539352247360_219841655809480140_n.jpg
707079810_1565539312247364_2133308523689489796_n.jpg
706112179_1565539418914020_4325613637804579910_n.jpg
706489935_1565539415580687_3314779786552709463_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү” ­ — “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталыштагы форум болуп өттү.

Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында уюштурулду.

Форум Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана туристтик уюмдар менен биргеликте өткөрүлдү.

Ага мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, туристтик тармактын, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарындагы уран өндүрүшүнүн калдыктары жайгашкан калктуу конуштардын тургундары катышты.

Форум Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары таанытуу жана Жумгал районунун туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болду.

Пленардык жыйындын жана панелдик талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар Миң-Куштун жана жалпы эле Жумгал районунун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн толугу менен коопсуз экенин, ошондой эле жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи.

Өзүнчө тегерек стол уран калдыктарынын объектилерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.

Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын уран калдыктары бар аймактарды Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризминин өсүү чекиттерине айландыруу боюнча аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.