Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкектеги жол тыгыны шаар тургундары сыяктуу эле мэрдин орун басары Рамиз Алиев үчүн да көйгөй жаратып келет. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине билдирди.
“Мен да шаар тургундары сыяктуу күн сайын жол тыгынында калам. Шейшемби жана бейшемби күндөрү жумушка сөзсүз коомдук транспорт менен барам. Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасына ылайык, бул күндөрү мэриянын бардык кызматкерлери автобус, троллейбус же велосипед менен жүрүшү керек”, — деди Алиев.
Анын айтымында, мындай жол менен ал жол тыгынын күн сайын өз көзү менен көрүп, көйгөйдү сезе алат.