Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бишкекте 24-январда балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында "Мен чемпионмун" республикалык оюндарын өткөрүү боюнча атайын программаны ишке ашыруу максатында жыйын болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чарага департаменттин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана облустук башкармалыктардын башчылары катышты.
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен кийинки 2025-2026-жылкы “Мен чемпионмун” республикалык оюндар Талас облусунда өтөрүү маалым болду.
Мелдештер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт:
-Грек-рим күрөшү;
-Эркин күрөшү;
-Дзюдо;
-Бокс;
-Кыргыз күрөшү;
-Волейбол (балдар жана кыздар);
-Футбол;
-Стол үстүндө теннис;
-Тогуз коргоол;
-Жеңил атлетика, эстафета (400 метр аралыкка);
-Баскетбол;
- Алыш.