Медицинадагы жасалма интеллект: Россиялык компания Кыргызстанга инвестиция салат

Ден соолук 2982 11 Апрель 2025 11:22
6139268d8efb969544a7416e02e3b986.jpg
1de2e60c-6d47-4f78-966f-48daa00ebf3d.jpg
77a11b21-1177-4169-9a95-1531feda81f0.jpg
6617657e-659a-4ae8-9f00-7630119dde0d.jpg
d95a78fe-a139-4138-90ad-9bd4c946adad.jpg
Алдыга
Артка
6139268d8efb969544a7416e02e3b986.jpg
1de2e60c-6d47-4f78-966f-48daa00ebf3d.jpg
77a11b21-1177-4169-9a95-1531feda81f0.jpg
6617657e-659a-4ae8-9f00-7630119dde0d.jpg
d95a78fe-a139-4138-90ad-9bd4c946adad.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандын медицина тармагына жасалма интеллект технологияларын киргизүүнү көздөгөн россиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдашкандай, долбоор бейтаптардын медициналык документтерин санариптештирүүгө, интеллектуалдык диагностиканы киргизүүгө жана маалыматтарды анализдөөнүн негизинде оптималдуу дарылоону тандоого багытталган. Россияда бул система өзгөчө Москвада ийгиликтүү иштеп жатат жана федералдык деңгээлдеги мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда.

Технологияны Кыргызстанда ишке киргизүү үчүн компания 20 млн доллар инвестициялап, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташат.

Медициналык технологиялардан тышкары компания өкүлдөрү айыл чарба сектору үчүн инновациялык чечимдерди, анын ичинде көчмө сүт фермаларын, кургатуучу машиналарды жана көчмө лабораторияларды көрсөтүштү.

Тактап айтканда, сүттү кайра иштетүүчү көчмө цехтерди түздөн-түз чарбаларга киргизүү талкууланды, бул өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуу ошондой эле инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр Урал банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Мындан тышкары, IT-билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги жана Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарына жасалма интеллектти киргизүү маселелери талкууланды.