Медицина менен моданын айкалышы: АКШда ийгилик жараткан кыргыз айымы

Коом
Медицина менен моданын айкалышы: АКШда ийгилик жараткан кыргыз айымы
copyright icon каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Чет өлкөлөрдө эмгектенип, ар кандай тармактарда иштеп, кесиптик тажрыйба топтоп, өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып келген мекендештерибиз арбын. Алардын арасында медицина, билим берүү, бизнес жана башка тармактарда эмгектенип, жооптуу кызматтарды аркалаган мекендештерибиз да аз эмес. Алар өздөрүнүн билими, тажрыйбасы жана аракети менен чет өлкөдө татыктуу ордун таап, кесиптик жактан өсүүгө умтулуп келишет. Ушул өңүттө “Кабар” агенттиги АКШда жашап, медицина менен мода айкалышкан оптика тармагында эмгектенген мекендешибиз Элнара Команова менен байланышып, анын чет өлкөдөгү эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы жана жашоосу тууралуу маектешти.

Элнара Команова 2011-жылдан бери АКШнын Нью-Йорк шаарында жашап келет. Ал Ош шаарында төрөлүп, Бишкекте чоңойгон. Борбор калаадагы №6 мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган.

Ал эми учурда Нью-Йорктогу медицина борборунун алдындагы оптика салонунда консультант болуп иштейт. Анын милдети кардарга көз айнек тандоого жардам берүү менен гана чектелбейт.

“Менин жумушум бир караганда көз айнек тандоо менен эле чектелгендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул тармактын өзүнүн көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. Дарыгер жазып берген рецептти туура окуп, линзанын кайсы материалы жана дизайны кардарга ылайыктуу экенин аныктоо керек. Ошондой эле камсыздандыруу компаниялары менен байланышып, бейтаптын камсыздандыруусу кандай кызматтарды камтый турганын, кайсы чыгымдарды өзү төлөшү керектигин тактайбыз.
Биз иштеген медициналык борбордо көздү текшерүүгө арналган заманбап жабдуулар бар. Алардын жардамы менен көздүн ар кандай ооруларын алгачкы баскычтарында аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мен бул тармактагы ишимди дарыгердин ассистенти катары баштагам. Ал кезде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жардам берчүмүн. Бара-бара тажрыйба топтоп, азыркы кызматка өттүм”, — дейт Элнара Команова.

Анын айтымында, Нью-Йоркто жашоого жана көнүп кетүүгө орус тилинде сүйлөгөндөрдүн көптүгү да жардам берет. Бирок кесиптик жактан өсүү үчүн англис тилин билүү өзгөчө маанилүү.

“Нью-Йоркто орус тилдүү адамдар көп болгондуктан, башында көнүп кетүү бир аз жеңилирээк. Бирок жумушта англис тилинде сүйлөшүбүз керек. Кардарлар менен туура баарлашып, кесиптик терминдерди түшүнүү зарыл. Ошондуктан тил үйрөнүү — чет өлкөдө ийгиликтүү иштөөнүн негизги шарттарынын бири”, — деп эсептейт ал.

Команова чет өлкөдө жашоодо кыйынчылыктар болбой койбой турганын, бирок алдыга максат коюп, аны ишке ашыруунун жолдорун издөө маанилүү экенин белгилейт.

“Кыйынчылыктар ар дайым болот. Эң негизгиси — аларды кантип жеңүү керектигин билүү жана планды так коюу. Жашап жаткан өлкөңдүн мыйзамдарын үйрөнүп, тилин өздөштүрүү зарыл. Ошондой эле өзүңдүн чакан чөйрөң менен гана чектелбей, жергиликтүү коомго аралашып, жаңы адамдар менен таанышып, алардын маданиятын үйрөнүшүң керек”, — дейт мекендешибиз.

Ал АКШда жашоонун артыкчылыктарынын бири катары ар түрдүү маданияттар менен таанышууга, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт бар экенин белгилейт. Анын кесиби да өзгөчө кызыктуу. Бул жерде медицина менен мода айкалышып, ар бир кардардын муктаждыгына жараша чечим кабыл алуу талап кылынат.

“Бул тармактын мага жакканы — медицинанын жана моданын айкалышканы. Бир жагынан, адамдын көрүүсүнө байланыштуу маселелерге көңүл бурабыз, экинчи жагынан, ага ылайыктуу көз айнек тандоого жардам беребиз. Ар бир адамдын муктаждыгы ар башка болгондуктан, жумушубузда жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйбабызды өркүндөтүп турабыз. Мындан тышкары, башка маданияттар менен таанышып, дүйнө таанымды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар”, — дейт ал.

Элнара Команованын балдары АКШда чоңоюп, өз алдынча жашоо куруп, эми неберелери да чоңоюп келе жатат. Ал келечекте үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүүнү каалайт.

“Балдарым ушул жерде чоңоюп, өз жашоолорун курушту. Азыр неберелерим бар. Келечекте үй-бүлөмө, балдарыма жана неберелериме көбүрөөк убакыт бөлсөм дейм”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.