Медербек Сатыев Ысык-Ата райондук сотуна барды. Эмне маселелер талкууланды?

Коом 1019 24 Январь 2025 10:10
474190305_957602889882411_8351153431558146916_n.jpg
474668594_957602923215741_6684725625202849305_n.jpg
474514560_957602913215742_6909330566641155069_n.jpg
Алдыга
Артка
474190305_957602889882411_8351153431558146916_n.jpg
474668594_957602923215741_6684725625202849305_n.jpg
474514560_957602913215742_6909330566641155069_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку соттун басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Күн мурун Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев иш сапарынын алкагында Ысык-Ата райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, төрагага сот сисемасындагы сапаттык көрсөткүчтөр жана соттун имаратынын канааттандырарлык эмес абалы жөнүндө маалымат берилип, иш кабинеттеринин жана архивдик жайлардын жетишсиз экени белгиленди.

Ошондой эле соттук актыларды аткаруунун көлөмү 42%ды түзгөнү айтылды. Мындай төмөн көрсөткүчтөрүн угуп, Жогорку соттун төрагасы кемчиликтерди жоюу талабын койду.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов судьяларды жазык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөөгө жана этият болууга чакырды.

Ал эми судья Айбек Молдакунов биринчи инстанциядагы соттордун чечимдерин жокко чыгарууга алып келген каталардын көп кездешкенин айтып, судьяларды бирдиктүү соттук практиканы иштеп чыгууга чакырды.

Иш сапардын соңунда Медербек Сатыев аталган райондук соттун ар бир иш бөлмөсүн карап, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Андан соң төрага Ысык-Ата райондук сотунун жаңы административдик имаратын куруу пландалып жаткан участокко барды.

Белгиленгендей, аймакты кыдыруу учурунда Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеевге курулуш иштерин баштоону камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.