Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Генералдык ассамблеясында өткөн эл аралык форумда (IMRF 2026) баяндама жасады.
Парламенттен билдиришкендей, форум Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин аткарылышын кароого багытталган.
Ал Кыргызстан аталган келишимдин принциптерине туруктуу берилгендигин белгилеп, миграция жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди.
Ошондой эле форум глобалдык өнөктөштүктү чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана миграциялык процесстерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналарын кошумчалады.
Муну менен катар Алиев Глобалдык келишимди ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан Улуттук ыктыярдуу баяндамасын сунуштаганын эске салып: “Аталган документ мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана БУУнун миграция маселелери боюнча тармагынын катышуусу менен кеңири, инклюзивдүү негизде иштелип чыкты”, - деди.