Медер Абакиров Европа Биримдиги менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Коом Загрузка... 25 Январь 2025
IMG_1172.png
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Күн мурун Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Жозефсон менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле жакынкы келечекте биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу пландарын талкуулашты.

Медер Абакиров Европа Биримдиги менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасы эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Ал эми Мэрилин Йосефсон өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирип, Европа Биримдигинин Борбордук Азия аймагы менен мамилелеринде Кыргыз Республикасынын маанилүү ролун белгиледи.

Тараптар активдүү диалогду улантууга жана аймактын гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган демилгелерди ишке ашырууга макулдашышты.