Медер Абакиров АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолукту

Саясат Загрузка... 04 Февраль 2025 14:04
WhatsApp Image 2025-02-04 at 11.48.57.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык жана техникалык өз ара аракеттенүү, миграциялык жана санкциялык маселелер, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу талкуулашты.

Кыргыз тарап бул маселелер боюнча тең салмактуу чечимдерди табуу үчүн диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди. элчи Лесли Вигери АКШнын кыргыз тарап менен эки тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү.