Марлен Маматалиев КРСУнун заманбап лабораториясынын иши менен таанышты

Жогорку Кеңеш 10 Июль 2026 13:10
742338852_1341404598172759_8792193370199045835_n.jpg
742787067_1341404608172758_8193509894990373737_n.jpg
742859756_1341404761506076_614806208706464777_n.jpg
742930901_1341404738172745_2004721040694959936_n.jpg
743050490_1341404724839413_29830719528562403_n.jpg
743081978_1341404688172750_9159896928697922784_n.jpg
743082120_1341404754839410_359645357610742161_n.jpg
743910365_1341404708172748_456285167676139969_n.jpg
741948390_1341404644839421_6002367641577763840_n.jpg
742020700_1341404638172755_322443488709891911_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин башкаруучу кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага башкаруучу кеңештин мүчөлөрү менен бирге университеттеги заманбап жабдуулар чыгарылган лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштагы аталардын эрдигин даңазалаган тарыхый-документалдык көргөзмөнү да көрүп чыкты.

Ал эми жыйындын жүрүшүндө университеттин жалпы ишмердүүлүгүнө жана стратегиялык өнүгүү максаттарына байланышкан маселелер каралып, соңку окуу жылдарынын отчету берилди.

Талкуу маалында Маматалиев университет Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн эң ийгиликтүү билим берүү долбоорлорунун бири экенин белгилеп, акыркы жылдары окуу жайдын жасап жаткан иштерине жогору баасын берди.

Ошону менен катар окутуучуларга жана студенттерге түзүлгөн шарт-жагдайды жакшыртуу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Андан тышкары, Ош шаарында окуу жайдын филиалын ачуу тууралуу айтылган демилгени колдоого алып, бул өлкө ичиндеги гана эмес, жалпы Фергана чөлкөмдөгү студенттерди да тартууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова кечки окуу ыкмасындагы кошумча билим берүү шарттарын түзүү багытындагы демилгелерин айтып, университеттин алдыдагы ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорун узатты.

Жыйындын жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.