Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуп, чай үстүндө баарлашты.
Парламенттен билдиришкендей, баарлашууда тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы алакаларды чыңдоо, саясий диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Иран менен калыптанган достук мамилелерди жогору баалай турганын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.
"Кыргызстан менен Иранды тарыхый жана маданий байланыштар жакындатып турат. Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелерди бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты бардык багыттар боюнча өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", - деди Маматалиев.
Өз кезегинде Ирандын президент Масуд Пезешкиан да Кыргызстан менен болгон өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.