Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Жусупбеков Марат Мамбетович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Министрдин жаңы орун басары министр Медер Машиев эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.