Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы корпус президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулуп, республикалык бюджеттен каржыланды.
Үч кабаттуу имаратта окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, окуу класстары, спорттук жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет каралган.
Имаратка заманбап инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулду.
Жаңы корпус эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүп, мектептеги орун тартыштыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.