"Манас" жана "Ош" аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жана перрону толук кандуу реконструкцияланат

Коом 1648 11 Март 2025 17:39
482327445_940375168256885_6682841688846232092_n (1).jpg
483453062_940375634923505_2717673209963214261_n.jpg
482325047_940375251590210_5477512478492927467_n.jpg
482325971_940375588256843_8237665282966992207_n.jpg
482808912_940375394923529_3633635889237285168_n.jpg
482810546_940375514923517_2611866038641612730_n.jpg
482827782_940375648256837_7772735655963032541_n.jpg
483752162_940375441590191_8741740444215887770_n.jpg
483780170_940375521590183_2333082384514925216_n.jpg
483800049_940375498256852_5086915251179457441_n.jpg
483830262_940375374923531_5214993465722969010_n.jpg
483974113_940375508256851_3638733705385104878_n.jpg
483976337_940375281590207_7588508756403479960_n.jpg
484017473_940375518256850_764612014233830545_n.jpg
484092324_940375204923548_5452214173586184708_n.jpg
484105316_940375298256872_1931979202763761700_n.jpg
484109424_940375328256869_6597764451877345630_n.jpg
484156178_940375184923550_126196983125319354_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. "Манас" жана "Ош" аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жана перрону толук кандуу реконструкцияланат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси жана перронун толук кандуу реконструция иштеринин башталышына даярдыгы менен таанышты.

Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында "Кыргызстан аэропорттору" ААК Кытайдын China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясы менен келишим түзүп, аталган компания "Ош" жана "Манас" аэропортторундагы учуп-конуу тилкесин, перронун жана авиациялык жарык белги берүүчү жабдууларына реконструкция иштерин жүргүзөт. Бул иш-чара аэропорттордун эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана авиациялык коопсуздукту кыйла жакшыртат.

Төрага Манасбек Самидинов подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясынын жетекчилиги менен жолугуп жасала турган иштерди так, сапаттуу жана авиациялык коопсуздукту сактоо менен өз убагында бүтүрүү талабын койду.

"2025-жылдын аягына чейин "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин, перронун, жарык белги берүүчү жабдууларын толук кандуу алмаштырып оңдоо алдыңкы пландарыбызда турат. Реконструкцияны подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясы жүзөгө ашырат. Бүгүн биз аталган компаниянын иш баштоо алдындагы жасалган жумуштарын көрүүгө келип отурабыз. Учурда атайын база жана куруучулар үчүн жатакана курулду, асфальт-бетон заводу даярдалып жана ишти баштоо үчүн бардык керектүү инфраструктура түзүлдү", - деп билдирди Манасбек Самидинов.

Бул модернизациянын маанилүү аспектилеринин бири – эки аэропорттогу жарык белги берүүчү жабдууларды үчүнчү категорияга чейин жогорулатуу болуп саналат. Бул болсо ар кандай аба ырайы шарттарында аэропорттун ишенимдүү иштешин камсыз кылат.

Ошондой эле реконструкция иштери “Манас" эл аралык аэропортунда жыйынтыкталгандан кийин, жогоруда аталган бардык иштер "Ош" эл аралык аэропортунда подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясы аркылуу аткарылмакчы.