Манас шаарындагы үч ири объекттин курулушунан 1,1 млрд сом үнөмдөлдү

Аймак 8 сентябрь 2026 11:05
Манас шаарындагы үч ири объекттин курулушунан 1,1 млрд сом үнөмдөлдү
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин долбоордук-сметалык документтери кайра каралып, 1,1 млрд сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сөз 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана, 5 миң 200 орундуу спорт сарайы жана "Акылман" президенттик мектеп-лицейи жөнүндө болуп жатат.

"Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында оорукана боюнча 74,9 млн сом, спорт сарайынан 479 млн сом, ал эми "Акылман" мектеп-лицейинен 443,5 млн сом үнөмдөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда мектеп-лицейинин курулушу аяктоо алдында турат. Объектти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.