Манаста жакында 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 5 октябрь 2026 17:25
Манаста жакында 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Манас шаарында Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулду.

Курулуш министрлигинен билдиришккендей, мектепке 61 жылдан кийин курулган үч кабаттуу кошумча корпус 375 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Имаратта заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттеринде заманбап шарттар түзүлүп, медициналык кабинеттер каралган.

Объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Жаңы корпус жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.