Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Манас шаарында Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 61 жылдан кийин аталган мектепке үч кабаттуу жаңы корпус курулуп, эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Имаратта заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттеринде заманбап шарттар түзүлүп, медициналык кабинет каралган.
Объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуш иштеринин ар бир этабы министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп турду.
6-октябрда жаңы окуу корпусунун ачылыш аземи министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өтүп, мектеп пайдаланууга берилди.