Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусунда “Манас Ордо” комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышы 85 пайызды түзөт. Комплексте учурда 400дөн ашык куруучу иш алып барууда.
Министр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн жумушчу топтун санын көбөйтүп, иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш графигин так сактап, калган иштерди сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Долбоордун алкагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, галерея жана 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору курулууда.
“Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Долбоордун алкагында музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Музейде кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырылып чагылдырылат.
Аталган объектти реаконструкциялоо иштерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктоо пландалууда.