"Манас-Ордодо" курулуш иштери кечеңдеди: Министр эскертүү берди

Аймак 968 27 Апрель 2026 17:25
681720690_1471892667743111_1794258635787020379_n.jpg
681025509_1471892684409776_6240702947675527156_n.jpg
680182813_1471892904409754_6102007102034245630_n.jpg
680373314_1471913014407743_6405326749844168510_n.jpg
680378313_1471893414409703_3795235907681195264_n.jpg
680710690_1471893574409687_7230182120090579819_n.jpg
680846312_1471893714409673_5143751241200131959_n.jpg
681201390_1471913147741063_5103588228239181381_n.jpg
681214548_1471893764409668_7306210522056059899_n.jpg
681223284_1471893157743062_2439516109767573909_n.jpg
681475530_1471893434409701_1192632610568338293_n.jpg
681475979_1471913211074390_4361066884393715246_n.jpg
681910562_1471913024407742_774992659320983998_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында ири долбоордун курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө министр "Манас-Ордо" комплексиндеги реконструкция иштери белгиленген графиктен артта калып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилерге жана курулуш компаниясына расмий эскертүү берилди.

Орунтаев курулуш иштерин тездетүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, 10 күндүн ичинде ишти жандандырып, конкреттүү жыйынтык көрсөтүүнү тапшырды.

Долбоорго ылайык, комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилде жасалган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө арналган борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын камтыган галерея жана 3500 орундуу маданий иш-чаралар борбору каралган.

Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун алкагында музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Анда кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап ыкмада, улуттук стиль менен айкалыштырылып чагылдырылат.

Белгилей кетсек, аталган комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Объектинин долбоору министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.