Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизилет ага ылайык ушул мыйзамдын колдонулушу КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын алардын иши жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү КР президенти тарабынан аныкталат.