Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Жол инспекторлорун коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, тартип жана мыйзамдуулукту сактоого чакырган онлайн кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кеңешмеге Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчылары жана башкы башкармалыктын жалпы ардагерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, өлкө башчынын коопсуздук багытында жүргүзүп жаткан саясатын, мамлекет тарабынан күч түзүмдөрүнө, укук коргоо органдарына түзүлгөн шарттарды, социалдык коргоолорду жеткирип, жалпы кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, намыстуулукту, кайраттуулукту туу тутуу менен берген анттарына бек туруп, өлкөнүн ички коопсуздугуна кошкон салымдарына кенен токтолуп, мындан ары да бул багытта комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.
Ошондой эле Мамлекеттик катчы “Киши өлтүргүч бир адамды өлтүрөт, коррупция бир өлкөнү өлтүрөрүн” белгилеп, жалпы өздүк курамды коррупциялык жат көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, өлкө башчынын “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын талаптарын жана жалпы улуттук тилибиздин, үй-бүлөлүк баалуулуктардын сакталышы тууралуу кенен маалымат берди.