Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Глобализацияланган экономиканын шартында, ишкердик чөйрөсү дүйнөлүк рынокко чыгуу менен, мамлекеттер аралык чектөөлөрдү жоюп, товарлар жана кызматтарды экспорттоо компаниялардын өсүшү үчүн негизги кыймылдаткычка айланды. Бирок, эл аралык рыноктор өзгөчө коопсуздук маселелерин жаратып, чоң финансылык жоготууларга алып келүү ыктымалдыгы да жок эмес. Бул жагдайды эске алуу менен, экспорттук коопсуздукту камсыздандыруу практикасы дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп, ишкерлерди коргоодо маанилүү ролду ойнойт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААКсы экспорттук келишимдерди камсыздандыруу боюнча лицензия алган Кыргызстандагы жападан-жалгыз камсыздандыруу уюму болуп саналат. Компаниянын 2025-жылдын 1-январына карата уставдык капиталы 1 млрд 144 млн сомду түзүп, бул анын финансылык туруктуулугун жана ири коопсуздуктарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктайт.
Белгилүү болгондой, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму мамлекет тарабынан колдоого алынган жана күчтүү финансылык абалга ээ. Мындан тышкары, республика боюнча ар бир облуска филиалдары ачылып, ар бир райондо камсыздандыруу инспекторлору жана агенттер иш алып барат. «МКУ» ААКнын кардарларынын арасында Кыргызстандагы ири компаниялар, авиакомпаниялар, энергетикалык мекемелер жана мамлекеттик органдар менен катар чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү бар.
Экспорттук келишимдерди камсыздандыруу — бул эл аралык соода рыногунда сиздин бизнесиңизди коргоо үчүн маанилүү инструмент. Камсыздандыруунун бул түрү, тышкы өнөктөштөрдүн төлөмдөрүнөн келип чыккан коммерциялык жана саясий тобокелдиктерди айрыкча дүйнөлүк экономика туруксуз болуп турган учурда минималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Компаниянын артыкчылыктары:
- Улуттук оператор статусу: «МКУ» ААК атайын лицензия жана мамлекеттин колдоосу менен иш алып барат, бул анын ишенимдүүлүгүн жана милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн камсыздайт.
- Кеңири кызмат көрсөтүүлөр: Экспорттук контракттарды камсыздандыруунун ар түрдүү түрлөрүн сунуштайт, ал эми ар бир кардардын бизнеси жана рыногу боюнча өзгөчөлүктөрдү эске алынат.
- Жогорку көрсөткүч менен коргоо: Коммерциялык жана саясий тобокелдиктерди камтыган ар кандай коопсуздуктарды камсыздандырат.
- Жекече мамиле: Ар бир кардардын муктаждыктарына ылайык индивидуалдуу камсыздандыруу чечимдерин иштеп чыгат.
- Тажрыйба жана кесипкөйлүк: Команда тажрыйбалуу адистерден турат, алар сизге эң ылайыктуу камсыздандыруу түрүн тандоодо жардам берет.
Кошумча маалымат жана кеңештер алуу үчүн байланыш телефону: +996 553 733077, +996 505 555996
Электрондук почта: export@gso.kg