Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Бишкекте 2025–2028-жылдарга Жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программанын бет ачары өттү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининен билдиришкендей, программанын негизги максаты Кыргызстанда жаштардын стартаптарын жана чакан бизнести колдоо үчүн натыйжалуу жана туруктуу экосистеманы түзүү, ошондой эле жаштардын ишкердик көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.
Белгиленгендей, программа КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси менен Европа Биримдигинин колдоосунда ишке ашырылууда.
Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар өткөрүлдү:
- Жаштар ишкердигине мамлекеттик колдоо;
- Жаштар ишкердигин өнүктүрүүдө жеке сектор жана Бейөкмөт уюмдардын ролу (өнөктөштүк, инвестициялар, акселераторлор, менторлор).
"Катышуучулар жаш ишкерлер үчүн билим берүү программаларына, каржылоону жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жеткиликтүү камсыз кылуу сыяктуу ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Кабыл алынган программа өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөөгө жана жаштар арасында инновацияларды жандандырууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.