Мамлекет тарабынан ишкерлерге чоң колдоо болуп жатат - фермер Зейнеп Касымова

Интервью Загрузка... 31 Январь 2025 15:25
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Асыл тукум мал багуу менен алектенген Өзгөн районунунун тургуну, мыкты фермер аталган Зейнеп Касымова 30 жылдан бери жаңы кыргыз породасындагы жылкы багып келет. 2010-жылы “Асыл тукум жылкы” чарба статусун алган Зейнеп Касымованын чарбасында учурда 115 баш жаңы кыргыз породасындагы жылкылар бар. 2024-жылда 87 баш бээден 74 баш кулун алган. Анын жылкылары улуттук оюндарда биринчи орундарды багындырып, байгелерди утуп келет. “Кабар” маалымат агенттиги “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунда жеңүүчү аталган Зейнеп Касымова менен чакан маек курдук.

- Саламатсызбы? Алгач чарбаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- 30 жылдан бери мал чарбачылыгынын ысык-суугуна чыдап, бир чети кызыкканым үчүн жылкы багып келе жатам. Өз тажрыйбамда кыргыз жылкысына өзгөчө басым жасадым. Себеби, кыргыз жылкысы эзелтен эле бааланып келген, учурда да баалуу. Биздин жылкылар күчтүү, эт десе эттүү, сүт десе сүттүү болот. Элибизде “ат адамдын канаты” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биз жылкыны илгертен транспорт катары пайдаланып, сүтүн, этин керектеп келгенбиз. Учурда чарбада 87 баш тубар жана кулундары менен 115 баш жылкы бар. Андан да көп багып көрдүм, бирок сандан сапатка өтүү зарыл болгондуктан азайттык.

- Мал чарбачылыгы, дыйканчылык ишкерликтин маанилүү бир тармагы, ушул сизге окшогон ишкерлерге мамлекет тарабынан кандай колдоолор болуп жатат?

- Мамлекет тарабынан жалпы эле ишкерлерге чоң колдоо болуп жатат. Мисалы, мен мамлекеттен 6 пайыз менен 17 млн сом насыя алдым. Жылкы менен эле чектелбестен кошумча ишкерлик кылуу максатында мал союучу цех курдук. Андан башка буга чейин мал чарбасын өнүктүрүү багытында мамлекет тарабынан берилген жеңилдетилген насыяларды алдым. Эң негизгиси алынган насыяны туура, максаттуу пайдалануу керек. Каражатты максаттуу пайдаланып, аракет, эмгек кылсак бардык иш өз жемишин берет. Биз мамлекеттин колдоосу менен өнүгүп өстүк. Андан тышкары, асыл тукум мал багуу багытында фермерлерге жерлер берилип жатат. Иштейм деген адамга ушунун бары чоң жардам.

- Дыйкан-фермерлер үчүн «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун мааниси, пайдасы кандай болду?

- «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумун жылда өткөрүү дыйкан-фермерлер, өнөр жай тармагы үчүн жакшы жөрөлгө болду. Өткөн жылы дагы, быйыл дагы форумга катыштым. Өлкөнүн туш тарабынан келген дыйкан-фермерлер бири-бирибиз менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып, бирибиз билбегенди бирибизге айтып, кеп-кеңештерибизди бөлүшкөнгө чоң аянтча болду деп айта алам. Форум жыл сайын уюштурула берсин, дыйкан-фермерлерге чоң стимул болуп, изденүүгө, чарба жаатындагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө өбөлгө болмокчу. Мамлекеттин колдоосу, өзүбүздүн аракет-мээнетибиз менен биз бир гана иштешибиз керек.

- Ишкер, мыкты фермер катары элибизге, өзгөчө ишкерлик менен алектенүүнү көздөгөндөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

- Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө бардым, салыштырып айтсам, ушул биздин Кыргызстаныбызда деле аракет, эмгек кылып иштеп, жакшы жашоодо жашаса болот. Өлкөбүздө байыбаган адам, башка эч жерде байыбайт. Өзгөчө жаштарга айтаарым жалкоолукту таштап иштеш керек. Өзүн-өзү алдап, узакты карап, алысты самап жата бербей изденип, билим алып, эмгек кылуу зарыл. Убакыт өзү акча, убакытты уттурбаш керек. Бөтөн журтта, мусаапыр жерлерде, кыйналып-кысталып бирөөнүн көзүн карабай, өз жериңде мээнет кыл. Өзгө жердин султаны болгондон көрө, өз жериңдин бир сугатчысы болгон артык деген сөз бекеринен эмес.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!