Майыптыгы барлар үчүн санариптик кызматтар жакшыртылат - СӨП

Загрузка... 03 Февраль 2025 16:33
lg!nfg.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин чечимин аткаруунун алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууну ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн санариптик кызматтарды жакшыртат.

"Майыптыгы бар адамдарга ар кандай инстанцияларды кыдырып, көптөгөн документтерди чогултуу зарылдыгы жок болот – процесстин басымдуу бөлүгү санариптик форматка өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Селгиленгендей, санариптик чечимдер майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматтарды эч кандай тоскоолдуксуз, оңой пайдаланууга шарт түзүп, тез жана ыңгайлуу жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.