Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туризмди өнүктүрүп, туристтерди тартуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, шаар өзүнүн кооздугу менен айырмаланат. Жакында Германиянын элчиси менен жолугушууда да шаардын туристтик мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.
“Биз Майлуу-Сууга туристтерди тартууга аракет кылып жатабыз. Уран өнөр жайына байланышкан музей ачтык. Учурда шаарда конок үйлөрү жетишпей жатат. Аларды куруунун дагы аракетин көрүп жатабыз”, — деди Текебаев.