Маданият министринин орун басары Жалал-Абаддагы Барпы театрынан кабар алды

256 24 Январь 2025 13:44
FB_IMG_1737704650804.jpg
FB_IMG_1737704648214.jpg
FB_IMG_1737704642868.jpg
FB_IMG_1737704639842.jpg
FB_IMG_1737704637749.jpg
FB_IMG_1737704635367.jpg
FB_IMG_1737704632942.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1737704650804.jpg
FB_IMG_1737704648214.jpg
FB_IMG_1737704642868.jpg
FB_IMG_1737704639842.jpg
FB_IMG_1737704637749.jpg
FB_IMG_1737704635367.jpg
FB_IMG_1737704632942.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев иш сапары менен Жалал-Абад шаарына барып, Барпы атындагы театрдан кабар алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал театрдын учурдагы абалы менен таанышып, эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Театрдын жетекчиси имараттын ички жана сырткы абалы, ошондой эле оңдоону талап кылган негизги бөлүктөр жөнүндө толук маалымат берди. Тимурлан Ажымалиев оңдоп-түзөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлөрүн баса белгилеп, министрлик тараптан жардам көрсөтүлөрүн айтты.Театрдын жетекчиси имараттын ички жана сырткы абалы, ошондой эле оңдоону талап кылган негизги бөлүктөр жөнүндө толук маалымат берди. Тимурлан Ажымалиев оңдоп-түзөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлөрүн баса белгилеп, министрлик тараптан жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Эмгек жамааты менен болгон жолугушууда Тимурлан Ажымалиев маданият тармагында мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясат жана маданий мекемелерге карата көрүлүп жаткан камкордуктар жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал театр искусствосунун өнүгүүсү маанилүү экенин белгилеп, министрлик бардык чыгармачыл жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Театрдын жетекчилиги өз кезегинде алдыдагы пландар жана жаңы демилгелер тууралуу айтып, театр ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаат менен болгон байланышты бекемдөө багытындагы кадамдары менен бөлүштү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкө боюнча маданий мекемелерди колдоону улантып, алардын туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.