Маданият министри спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Маданият Загрузка... 21 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу, түрк күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айболот Аманов жана Бахтияр Мирлан уулуна мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи.

"Сиздердин жетишкендиктериңиздер — бул күч-аракеттин гана жыйынтыгы эмес, бүтүндөй өлкө үчүн сыймыктын белгиси. Сиздер профессионализм, тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз", - деди ал.

Сыйлыктарга ээ болгондор:

  1. III даражадагы "Манас" ордени:

– Сейитбек уулу Мунарбек, бокс боюнча курама команданын мүчөсү. 2024-жылы Париж Олимпиадасындагы жетишкендиги өлкөдөгү боксту өнүгүшүнө зор салым кошкон.

  1. Кыргыз Республикасынын "Ардак грамоталары":

– Айболот Аманов, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
– Мирлан уулу Бахтияр, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.