Өлкөнүн турак жай фондунда 1,2 млн үй бар, бирок 259 миңден ашыгы гана камсыздандырылган

Коом 1017 13 Февраль 2025 10:45
IMG_9083.original.png
IMG_9084.width-500.png
IMG_9081.width-500.jpg
IMG_9082.width-500.jpg
b2c01d37-597a-497e-b4ec-11492f36bee7.width-500.jpg
Алдыга
Артка
IMG_9083.original.png
IMG_9084.width-500.png
IMG_9081.width-500.jpg
IMG_9082.width-500.jpg
b2c01d37-597a-497e-b4ec-11492f36bee7.width-500.jpg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-октябрына карата 1 млн 236 миң 237 турак жай катталган. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Кендирбаев билдирди.

IMG_9084.width-500.png

Анын айтымында, ушул жылдын 1-февралына карата турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин жалпы саны 259 миң 712 түздү, бул 21,01 пайыз камтууга туура келет. Салыштыруу үчүн бир жыл мурунку маалыматка токтолсок, 2024-жылдын 1-февралына карата 140 миң 182 объект камсыздандырылып, камтуу болгону 11,4 пайызды түзгөн.

"Бир жылдын ичинде камс

IMG_9082.width-500.jpg

ыздандырылган турак жайлардын саны 10 пайызга өстү",- дейт Кендирбаев.

2024-жылдын 31-декабрына карата табигый кырсыктардан, өрттөн жана башка кырсыктардан 371 үйдүн ээлери жабыркаган. Төлөнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 69 млн 964 миң 600 сомду түздү.

IMG_9081.width-500.jpg

2025-жылдын башынан бери өлкөдө камсыздандыруунун 18 учуру катталып, ал жабыркаган турак жайларга 3 млн 635 миң 112 сом төлөнгөн.

"Өлкөнүн түштүгүндө турак жайды камсыздандыруу кеңири жайылган. Анткени бул аймактарда сел, жер көчкү жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар көп катталып, турак үйлөр да көбүрөөк жабыркайт", - деди Кендирбаев.

Аймактарда турак жайды камсыздандыруунун көрсөткүчү төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек - 9,34%;
  • Чүй облусу - 10,98%;
  • Нарын облусу - 25,07%;
  • Ысык-Көл облусу - 16,18%;
  • Талас облусу - 24,09%;
  • Баткен облусу - 23,77%;
  • Ош облусу - 30,33%;
  • Жалал-Абад облусу - 32,54%;

b2c01d37-597a-497e-b4ec-11492f36bee7.width-500.jpg

Жалпысынан өлкө боюнча камсыздандыруунун камтуу деңгээли 21,01% түзөт.

Белгилей кетсек, "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамы 2015-жылдын 31-июлунда кабыл алынган. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсы 100 пайыз мамлекеттин уставдык капиталы менен түзүлүп, өз ишин 2016-жылдын 5-февралынан тартып жүргүзүп келет.