Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Коом
12.jpg
11.jpg
13.jpg
Алдыга
Артка
12.jpg
11.jpg
13.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Бишкек - Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек - Кара-Балта жолунда, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.