Өлкөнүн аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда - Айыл чарба министрлиги

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 11:33
ярмарка.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарында азык түлүк жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеттүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында уюштурулууда.

Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктарынан тарта айыл чарба продукцияларынын түрүн элдин капчыгына күч келбегендей баада сатыкка коюшкан.

Мындай чаранын максаты жергиликтүү тургундарды керектүү айыл чарба продукциялары менен арзан баада камсыз кылуу жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактарда негизги азык-түлүк товарларына анын ичинде этке болгон бааны мындан ары туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Эми бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан азык-түлүккө болгон баалар тыкыр көзөмөлдөнөт.

Белгилей кетсек, ушул тапта уй жана кой эти аймактарга жараша  550-650 сомдон, жылкы эти 600-620 сомдон сатылууда. Ал эми бираз бираз көтөрүлгөн картошканын баасы 60-65 сомдон 45-49 сомго чейин түшкөндүгү байкалууда.