Өлкөдө туристтик объекттер көп курулууда – минкаб төрагасы

Туризм Загрузка... 21 Март 2026 21:00
25847_1764843139_lg.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Өлкөдө туристтик объекттер көп курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мейманкана курулушу активдүү жүрүп жатат.

"Жеке ишкерлер айрыкча аймактарда мейманканаларды куруп жатышат. Ысык-Көлдүн аймагында чоң курулуштар жүрүүдө, анын ичинде заманбап лыжа базасы Ак-Суу районунда курулуп жатат" , - деди ал.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин айтымында, Түп районунда да россиялык инвесторлор катышкан дагы бир лыжа базасы курулууда.

"Бул аймактарда кар болжол менен 7 айга чейин жатат, демек кышкы туризм үчүн шарт жакшы. Ошондой эле Каркыра тарапта тоо кластерин түзүү сунушу бар. Эгер бириктирилсе, лыжа трассаларынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашкан чоң туристтик кластер пайда болушу мүмкүн", - деди минкаб жетекчиси.