Өлкөдө таза кандуу кыргыз породасындагы жылкылар көбөйтүлөт

Коом Загрузка... 15 Май 2025 13:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Эми өлкөдө таза кандуу кыргыз породасындагы жылкылар көбөйтүлөт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл-тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Манас Акматбеков билдирди.

WhatsApp Image 2025-05-15 at 10.19.36.jpeg

Учурда заводдо жалпы 46 баш жылкы бар. Эми аны көбөйтүп башка аймактарга да жиберүүнү, өлкөдө асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү пландалууда.

“Мурда советтер союзу убагында №54 жылкы заводу абдан чоң жана ардактуу жылкы заводу болгон. Биздин жылкылар чет өлкөлөрдөгү жарыштарда 1-2-орундарды алып келишчү. Ошол учурда кыргыз атын чыгарыш керек деген демилге көтөрүлүп, Таласта жана Ысык-Көлдө жаңы кыргыз породадагы жылкы чыгарылган. Алар үч породадан өзүбүздүн кыргыз, Англия жана Дон породасы аргындаштырылган. Биз эми ушуну кайрадан жандандыралы деп турабыз”- дейт Манас Акматбеков.

Атай кетсек, Ысык-Көлдөгү мурдагы №54 жылкы заводу 1926-жылы түзүлүп, атагы алыска кеткен жылкы заводдордун бири болгон. Анда асыл тукум бир нече породадагы жылкылар багылып келген. Кийин бул жерге жетиштүү көңүл бурулбай, талкалануу алдында турган. Эми кайрадан мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, жаңылануу алдында турат.