Өлкөдө 249 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 12:45
WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.34.30.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө 249 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда 249 миң 538 турак жай камсыздандырылды. Ал эми автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги боюнча 217 миң 468 камсыздандыруу келишими түзүлдү.